2024-10-30 11:05:32 3
30-октябрь 2024-жыл. ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына "Өлкөнүн бүгүнкү күндөгү тышкы саясаты жана дүйнөлүк саясаттагы орду" деген темада кезектеги конок лекция өттү. Конок лекцияны Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, белгилүү дипломат жана профессор Аликбек Жекшенкулов өтүп берди.