2024-10-29 05:14:23 10
23-октябрь, 2024-жыл. Ош мамлекеттик университетинин эл аралык билим берүү программалары колледжинин "Котормо иши: чыгыш тилдери" адистигинин араб тилинде билим алып жатышкан 100гө жакын студенттери жана аларга билим берип келе жаткан окутуучулары Чыгыш таануу институтуна келишип, институт тууралуу кеңири маалымат алышып, Катар мамлекети тарабынан каржыланып ачылган "Катар-Араб" окуу жана котормо борбору жана Сауд Аравия Падышачылыгы тарабынан каржыланып ачылган "Араб тили жана маданияты" борбору менен жакындан таанышышып "Чыгыш каллиграфиясы" аталышында өткөн иш-чарага катышышып, уюштуруучулар тарабынан атайын чакан белектерге ээ болушуп, кайтышты.