2024-05-27 05:24:56 126
22-февраль - 3-март, 2024-жыл. ЧЫГЫШ ТААНУУЧУЛАР САУД АРАВИЯСЫНДА! Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын улук окутуучусу, "Катар-Араб" борборунун жетекчиси Носиров Шерзодбек Исматуллаевич Сауд Аравиясынын Мекке шаарындагы Умм Аль-Куро университетинин илимий китеп канаасында илимий-изилдөө ишин жүргүзүп жүрөт. МААЛЫМАТ ИРЭЭТИНДЕ! Сауд Аравиясынын Мекке шаарындагы Умм Аль-Куро университетинен атайын делегация 2023-жылдын октябрь айында Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтуна иш-сапары менен келишип эки тараптуу кызматташуу боюнча макулдашышып, 2024-жылдын январь айынын башында "Араб тили жана маданияты" борборун ачуу боюнча жалпы суммасы 30 000 долларлык инвестиция беришээрин убадалашып, иш башталды. Учурда Чыгыш таануу институтунда "Араб тили жана маданияты" борборунун ремонт иштери бүтүп, техникалык каражаттар менен жабдуу иштери жүрүп жатат. Азыркы кезде, Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда 100гө жакын студенттер жана магистранттар араб тилин окушат. 2018-жылы Катар мамлекетинин каржылоосу менен жалпы суммасы 500 000 сомдук "Катар-Араб" борбору ачылып, учурда ийгиликтүү иштеп жатат.