Өзбекстанда Эл аралык илимий конференция өттү!

2024-05-27 05:18:15 127

21-февраль, 2024-жыл. Өзбекстанда Эл аралык илимий конференция өттү! 21-февраль күнү Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын доценти Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович жана окутуучу Бердибек уулу Чыңгыз Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы З.М.Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университети менен Россия Федерациясынын Томск мамлекеттик университети биргеликте өткөргөн Эл аралык илимий-практикалык конференцияга барып катышышып, атайын илимий баяндамаларды жасашты.