10-февраль, 2024-жыл. СТЕЙКХОЛДЕРЛЕР менен талкуу өттү.

2024-05-27 04:49:19 112

10-февраль, 2024-жыл. СТЕЙКХОЛДЕРЛЕР менен талкуу өттү. 10-февраль күнү Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун Чыгыш таануу кафедрасы 530900 "Чыгыш таануу, африка таануу" (бакалавриат, магистратура), 531100 "Лингвистика. Котормо жана котормо таануу: чыгыш тилдери" (бакалавриат) адистиктеринин негизги билим берүү программаларын стейкхолдерлердин катышуусунда талкуулашты. Талкууга КРнын Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча өкүлчүлүгүнөн, Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинен, Ош шаарындагы мектептерден, окуу борборлорунун директорлорунан, Ош мамлекеттик университетинин жетекчилигинен өкүлдөр, Чыгыш таануу институтунун студенттери, магистранттары, бүтүрүүчүлөрү, профессордук-окутуучулук курамы ж.б. катышышты.