2024-05-27 04:44:46 114
29-январь, 2024-жыл. Сауд Аравия Королдугунун королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун алдындагы Өнүктүрүү фондунун өкүлү, Сауд Аравия Королдугунун мураскор-принци жана премьер-министри Мухаммед ибн Абдул-Азиз Аль Сауд ректорлук кылган Медина шаарында жайгашкан Мугрин университетинин өкүлү, "Нехж групп" консалтинг/билим берүү/окутуу борборунун генералдык директору Шейх Абдулилах Абдуллах Ал Мушарраф Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда конокто болуп, институттун директору, доцент Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович баштаган институттун структура жетекчилери менен жолугушуп, окуу жайы боюнча жалпы маалымат берилип, эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер менен дагы жоолугушуп, келечек пландар боюнча кеңири маалымат берилди. Жоолугушуунун экинчи бөлүгүндө Саудиядан келген конокту ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Омуров Нурлан Кубатович кабыл алып, эки окуу жайдын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча кеңири форматта таалкуулашты. Келечекте студенттерди академиялык мобилдүүлүк программалары аркылуу Медина шаарындагы Мугрин университетине, ал жактагы студенттерди ОшМУга жөнөтүү боюнча, араб тили мугалимдеринин квалификацияларын Медина шаарында жогорулатуу, ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун базасында "Араб тили жана маданияты" борборун ачуу ж.б. боюнча кеңири пикир алышышты.