2024-05-27 04:36:55 107
ЧЫГЫШ ТААНУУ ИНСТИТУТУ 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарды. КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯНЫ КОРГОО Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору Абытов Байболот Капаровичтин жетекчилиги менен төмөнкү эки кандидаттык диссертация корголду: 1. Атамбаева У.Ж., 2022-ж. октябрында "Ош мамлекеттик университети: тарыхы жана келечеги" аттуу кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, 2023-жылдын 27-апрелинде УАК тарых илиминин кандидаты окумуштуулук даражасын алды; 2. Акбарали кызы Токтобүбү, 2023-жылдын 22-декабрында "Кыргызстанда конституцияларынын кабыл алынышына, өзгөрүүлөрүнө жана өнүгүүсүнө тарыхый саресеп" аттуу кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.