2024-05-27 04:32:20 106
ЧЫГЫШ ТААНУУ ИНСТИТУТУ 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарды. ИЛИМИЙ ДОЛБООРЛОР/ПРОЕКТТЕР Чыгыш таануу институтунун төмөнкү кызматкерлери Ош мамлекеттик университетинин илимий долбоорлорду колдоо боюнча ички грантынан жалпы суммасы 3 млн. сомго жакын 3 долбоорду каржылоо укугуна ээ болушту: 1. Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович - Чыгыш таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент. Илимий долбоордун темасы "Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун изи менен" деп аталып, каржылоонун жалпы суммасы - 919 000 сомду түзөт; 2. Эркебаев Элес Мизанович - Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент. Илимий долбоордун темасы "Чагатай жана фарси тилдериндеги кол жазмалардагы кыргыз тарыхы" деп аталып, каржылоонун суммасы 815 000 сомду түзөт; 3. Носиров Шерзодбек Исматуллаевич - Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын улук окутуучусу. Илимий долбоордун темасы ""Бабур-наме" кол жазмасындагы Кыргызстан тууралуу маалыматтарга анализ" деп аталып, каржылоонун суммасы 980 000 сомду түзөт. Жалпы суммасы 3 млн. сомго жакын бул илимий долбоорлордун аткаруу мөөнөтү 2 жылга (2024-2026-жылдар) пландаштырылган. Мындан сырткары Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш таануунун маселелери" аталышындагы илимий журналы РИНЦке кирди жана 2023-жылдагы #1, #2-сандары жарык көрдү. Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкерлери төмөнкү чет өлкөлөрдө өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышып, илимий баяндамаларды жасашты: 1. Пакистан 2. Азербайжан 3. Россия 4. Казакстан 5. Өзбекстан 6. Түркмөнстан