Кезектеги конок лекция 4

2024-05-27 03:42:20 108

19-декабрь, 2023-жыл. Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Чыгыш таануучулар үчүн лекция окуду. 2023-жылдын 19-декабрь күнү Кыргызстан убактысы боюнча саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына "Кыргызстан-Франция дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" - деген темада ZOOM платформасы аркылуу онлайн форматында "Конок лекция" окуп, студенттердин, окутуучулардын суроолоруна жооп берди. Лекциянын жүрүшүндө элчи мырза Франциянын жогорку окуу жайлары менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерди түзүүгө, студенттердин академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча Францияга барып окуп жана иштеп келүүлөрүнө көмөктөшүүгө убада берип, Чыгыш таануу институтунун жалпы эмгек жамаатына ийгиликтерди каалады. Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович элчи мырзага окуу жайдын атынан ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.