Эки тараптуу сүйлөшүүлөр

2024-05-25 14:02:14 134

30-ноябрь, 2023-жыл. Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия Улуттук Университетинин эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш таануу кафедрасы менен Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун Чыгыш таануу кафедрасынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча онлайн форматында талкуу өттү. Талкууга Л.Н.Гумилев атындагы Евразия Улуттук Университетинин эл аралык мамилелер факультетинин Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, PhD доктор Биримкулова Гүлнара Өсөрбаевна, филология илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу Тулеубаева Самал Абаевна, филология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Курмангали Гүлнар Канаткызы жана Л.Н.Гумилев атындагы Евразия Улуттук Университетинин Ош мамлекеттик университетиндеги филиалынын директору Айнур Рахымберди кызы Найманбаевалар катышышты. Талкуунун жүрүшүндө чыгыш таануу адистигинин магистратура жана бакалавриат багыттарында окуу пландарын биргеликте түзүү, кредиттеринин көлөмдөрүн теңдештирүү, магистранттардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүктөрүн, окутуучулардын тажрыйба алмашууларын, илимий изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүүлөрдү, эл аралык илимий-практикалык конференцияларды чогуу өткөрүүлөрдү ж.б. боюнча чогуу иш алып барууну Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович жана Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Эркебаев Элес Мизанович өз сөздөрүндө баса белгилешип, эки тараптуу кызматташууларды иш жүзүнө ашырууга кызыктар экендиктерин билдиришти.