Кезектеги конок лекция 2

2024-05-25 13:46:06 133

Кезектеги "Конок лекция" окулду. 24-ноябрда, Кыргызстан убактысы боюнча саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Тотуяев Уланбек Асанкулович Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына "Кыргызстан - Пакистан дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" - деген темада онлайн форматында "Конок лекция" окуду. Лекция суроо-жооптор менен коштолуп, кызыктуу маалыматтар алынды. Конок лекцияны Ош мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Омуров Нурлан Кубатович ачып, конок лектор, элчи мырза Уланбек Асанкуловичке жана Чыгыш таануу институтунун жалпы жамаатына ийгиликтерди каалады. Элчи Уланбек Асанкулович дагы Ош мамлекеттик университетинин жана Чыгыш таануу институтунун жалпы жамаатына, институттун директору Бөтөнөев Жолдошбек Советбековичке ыраазычылыгын билдирип, ийгиликтерди каалады. Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович дагы элчи мырза Уланбек Асанкуловичке бекем ден-соолук жана иштерине ийгиликтерди каалап, келечекте бир топ иштерди биргеликте жасоого кызыктар экенин билдирди.