2025-03-14 03:53:28 5
КУЛАКТАНДЫРУУ! 14-март күнү Кыргызстан убактысы боюнча саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы, Вьетнамдагы мурдагы элчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, ОшМУнун бүтүрүүчүсү Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевич Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына "Кыргызстан-Өзбекстан дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" - деген темада онлайн форматында "Конок лекция" өтөт. Байланыш үчүн телефон: +996551025302 Биздин дарек: Ош шаары, И.Раззаков көчөсү, 21г. Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институту