Улуу жеңишке 80 жыл

2025-02-19 18:01:57 10

Кулактандыруу! "Улуу Жеңиштин 80 жылдык" маарекесине карата 2025-жылдын 30-апрель күнү саат 10:00дө Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында Чыгыш таануу институтунун уюштуруусу менен Ош мамлекеттик университети жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Башкы Штабы "Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында" - деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Илимий макалаларды кабыл алуу 2025-жылдын 1-мартына чейин уланат. Илимий талаптарга жооп берген макалалар Ош мамлекеттик университетинин жарчысына жана Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш таануунун маселелери" илимий журналына жарык көрөт. Байланыш үчүн телефон: +996551025302