2019-01-18 16:15:26 1207

24-ноябрь, 2018-жыл. ОшМУнун орус филологиясы (бардык 1-курстар) жана эл аралык мамилелер факультетинин ВА (б)1-18 жана РВ (б)2-18 тайпасынын студенттери менен "Биздин үйүбүз - биздин тирегибиз" кайрымдуулук фонду өткөргөн акцияга катышып келдик. Анда негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, ата-энелерге колдоо көрсөтүлдү. Студенттер бул иш-чарага өз демилгелери менен катышып, балдарга таттууларды, азык-түлүктөрдү, жылуу кийимдерди, канцтоварларды берип, аз да болсо кубантышты. Албетте, биз алардын күндө көңүлүн ала албайбыз, бирок балдардын дили менен таанышып, жылуу сөзүбүздү тартуулай алдык.